> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/25/bishkekte-zhashyl-osumduktor-zyiankechterge-karshy-darylanat/
- Published: 2026-04-25T08:49:41.000Z
- Updated: 2026-04-25T08:49:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда.

Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай ыкма шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоого жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган.

Бул иштерде адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирбеген заманбап, коопсуз препараттар колдонулат.

> Ошентсе да шаар тургундарына сак болуу сунушталат. Айрыкча дары чачуу жүрүп жаткан аймактарда убактылуу сейилдөөнү чектөө, ошондой эле химиялык заттарга аллергиясы бар жарандардын этият болушу маанилүү.

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.