> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/25/zhyrgalan-kurortunda-3-min-karagai-kochotu-oturguzuldu/
- Published: 2026-04-25T08:30:56.000Z
- Updated: 2026-04-25T08:30:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик уюштурулуп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому маалымдады.**

Иш-чаранын алкагында курорттун 3,5 гектар аянты жашылдандырылып, жалпысынан 3000 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилди. Демилге аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган.

> Иш-чаранын негизги максаттарынын бири — экосистеманы калыбына келтирүү менен бирге жаратылыш ресурстарын сактоо болуп саналат.

Аталган иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өтүп, өлкө аймагында жашыл зоналарды кеңейтүү, токойлордун аянтын көбөйтүү жана климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын бир бөлүгү болуп эсептелет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-8.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-2.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-3.png)