> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азык-түлүк курамы боюнча маалымат базасын түзүү маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/27/azyk-tuluk-kuramy-boiuncha-maalymat-bazasyn-tuzuu-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2026-04-27T04:01:02.000Z
- Updated: 2026-04-27T04:01:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны өркүндөтүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн курамы боюнча бирдиктүү маалымат базаны түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды. Бул демилге AFACI эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана тамактануу саясатын илимий негизде өнүктүрүүгө багытталган.

> Семинардын жүрүшүндө адистер маалыматтарды системалаштыруу, улуттук жана салттуу тамак-аштардын азыктык баалуулугун аныктоо, ошондой эле маалыматтарды санарип форматта иштеп чыгуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан маалымат базаны практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталып, анын тамак-аш тармагын өнүктүрүүдө, илимий изилдөөлөрдү колдоодо жана коомдук саламаттыкты жакшыртуудагы мааниси белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-27-at-09.25.47.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-27-at-09.25.45.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-27-at-09.25.45-2.jpeg)