> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/27/batkende-64-mln-somgo-bala-bakcha-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-04-27T06:11:27.000Z
- Updated: 2026-04-27T06:11:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу жүрүүдө.** 

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт.

> Учурда курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, эки кабаттын колонналары орнотулуп бүтүп, бетон куюу иштери уланууда.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты ар бир этапта текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Жаңы бала бакчанын курулушу аймактагы мектепке чейинки билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-106.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/5-13.jpeg)