> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө 1,94 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/27/ozgondo-1-94-gektar-zher-myizamsyz-berilgeni-anyktaldy/
- Published: 2026-04-27T10:21:59.000Z
- Updated: 2026-04-27T10:21:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Өзгөн районунда 1,94 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз берилиши аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

> Аныкталгандай, айрым жарандарга жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

Учурда бул иш боюнча бардык жагдайлар такталып, тиешеси бар адамдарды аныктоо багытында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.