> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/28/bishkekte-shaar-kununo-karata-fontandar-ishke-kirgizilet/
- Published: 2026-04-28T05:07:21.000Z
- Updated: 2026-04-28T05:07:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте шаар күнүнө карата фонтандар ишке киргизилет. 29-апрелде борбор калаанын негизги фонтан комплекстери расмий түрдө иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Анын алкагында техникалык жабдуулар текшерилип, фонтан табактары тазаланып, системалар суу менен толтурулуп жатат.

> Шаар күнүнөн тарта Бишкектин тургундары жана коноктору төмөнкү фонтан комплекстерине кайрадан суктана алышат:  
> — Ала-Тоо аянтындагы фонтан;  
> — Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;  
> — Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;  
> — Ататүрк паркындагы фонтан;  
> — “Революция күрөшчүлөрүнүн” фонтаны;  
> — Токтогул көчөсүндөгү фонтан.

Муниципалдык ишкана шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана жашоочулар менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иштерди улантууда.