> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Кеминде 103 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/28/chon-keminde-103-mln-somduk-mulk-mamleketke-kaitaryldy/
- Published: 2026-04-28T09:32:45.000Z
- Updated: 2026-04-28T09:32:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кемин районунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2013-жылы Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде аталган объекттер мамлекетке кайтарылды. Жалпы наркы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке өткөрүлдү.

Башкы прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантыларын белгиледи.