> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/28/pasport-zhana-bashka-dokumentter-34-ga-kymbattadyby/
- Published: 2026-04-28T12:54:33.000Z
- Updated: 2026-04-28T12:54:33.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом

**Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты.**

Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты:

> "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер эселеп кымбаттады. Кадимки эле маалымкат 500 сом турат. Калкты тейлөө борборуна кирсең баа 34% чейин өсүп кеткен. КТБ өзүнчө эле бизнес-долбоор болуп алды. Мамлекеттик тейлөө акысы кайда өсүп баратат? Эл нааразы. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эмне үчүн унчукпайт?",-деди ал. 

Дастан Бекешев кызмат көрсөтүү да товар, азык-түлүк сыяктуу эле сатыларын белгилеп, социалдык маанидеги товарлардын баасын 34% көтөрүүгө каршылыгын билдирди. Ал Монополияга каршы тескөө органы мамлекеттик кызмат акыны жана башка бааларды да карап, тескөөгө тийиштигин эскертти.