> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 37 жылдан бери колдонулуп келген жылуулук түтүктөр алмашылууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/29/37-zhyldan-beri-koldonulup-kelgen-zhyluuluk-tutuktor-almashyluuda/
- Published: 2026-04-29T10:00:01.000Z
- Updated: 2026-04-29T10:00:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Шабдан Баатыр көчөсүндөгү тилкеде жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жерди казуу иштери уланууда, ошондой эле демонтаждоо иштери, анын ичинде иштеп жаткан түтүктөрдү чечүү башталды. Иштер пландык режимде жүрүп жатат.

> *Реконструкциялоонун алкагында түтүктөрдүн диаметрин 900 ммден 1000 ммге чейин чоңойтуу менен алмаштыруу каралган. Тилкенин жалпы узундугу 1080 метрди түзөт.*

Жылуулук тармактарынын бул тилкеси 1989-жылы ишке киргизилген. Нормативдик кызмат өтөө мөөнөтү 25 жыл болсо, учурда ал 37 жылдан бери колдонулуп келет. Бул түтүктөрдүн өтө эскирип калгандыгынан кабар берет.