> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/29/oshto-chet-olkodo-ishke-ornoshturuu-borborunun-zhany-imaraty-achyldy/
- Published: 2026-04-29T10:12:59.000Z
- Updated: 2026-04-29T10:12:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга көмөктөшүүчү борбордун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жаңы имарат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылды.

Борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууга багытталган. Анда маалыматтык-кеңеш берүү, керектүү документтерди даярдоо жана коштоо кызматтары көрсөтүлөт.

> Адистер белгилегендей, мындай шарттар жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, борбордун ачылышы калкты жумуш менен камсыздоону жакшыртууга жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-8.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/9.webp)