> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Талаа району жүгөрү айдоону кайра жандандырууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/30/ak-talaa-raionu-zhugoru-aidoonu-kaira-zhandandyruuda/
- Published: 2026-04-30T05:46:25.000Z
- Updated: 2026-04-30T05:46:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Район аймагында жалпысынан 15216,5 гектар айдоо жери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, жалпы айдоо аянтынын ичинен буудай 2208 га, арпа 3025 га, сулу 8 га, сафлор 129,5 га, жүгөрү 7 га, картошка 198 га, жашылча 70 га, көп жылдык чөп 10317 га айдоо пландалууда. 

Эске салсак, Ак-Талаа районунда дээрлик 30 жылдан бери жүгөрү айдалбай калган. Акыркы 2 жыл ичинде жүгөрү айдоо кайрадан жанданууда.