> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлектин Катраң айылында ичүүчү суу системасы курула баштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/04/30/leilektin-katran-aiylynda-ichuuchu-suu-sistemasy-kurula-bashtady/
- Published: 2026-04-30T04:28:17.000Z
- Updated: 2026-04-30T04:42:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Лейлек районунун Катраң айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жаңы ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын коопсуздук талаптарына жооп берген, туруктуу жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу.

Иш-чаралар Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан жүргүзүлүүдө. Долбоор жөн гана суу жеткирүү менен чектелбестен, заманбап талаптарга жооп берген инфраструктураны түзүүгө багытталган. 

> Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Долбоор ишке ашырылгандан кийин Катраң айылынын 7 миңден ашуун тургуну үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыз болот.

Бул демилге аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-30-at-10.02.42-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-30-at-10.02.42.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-30-at-10.02.43.jpeg)