> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жазгы веложүрүш өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/01/bishkekte-zhazgy-velozhurush-ottu/
- Published: 2026-05-01T09:10:29.000Z
- Updated: 2026-05-01T09:10:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты.**

Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

> Иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар башчысы мэрия спортту өнүктүрүүнү туруктуу колдоп, велосипедчилер үчүн шарттарды түзүп жатканын, шаардагы веломаданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар катышуучуга кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык тапшырылды.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1777614377.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1777614357.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1777614349.jpg)