> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/02/kyrgyzstandyn-ichki-aviakattamdarynyn-maksimalduu-baasy-anyktaldy/
- Published: 2026-05-02T08:50:20.000Z
- Updated: 2026-05-02T08:50:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган.**

“Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүү жана баа түзүүгө бирдиктүү мамиле кылуу жөнүндө макулдашууга жетишишкен.

> *Бекитилген параметрлерге ылайык *Бишкек-Ош* маршруту боюнча авиабилеттердин баасы *эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып*, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө *максималдуу баа 5 900 сомдон* ашпайт. *Бишкек-Манас* (“Жалал-Абад” аэропорту) маршруту боюнча *баштапкы баасы 3 500* сомду, ал эми *максималдуу баасы – 5 500 сомду түзөт.** 

Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты. 

Мамлекеттик авиаташуучу **“Asman Airlines”** мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгы өзгөчө белгиленди. Билдирүүгө караганда, **Бишкек-Ош багыты** боюнча максималдуу баа **5 500 сомду**, **Бишкек-Манас багыты** боюнча **4 100 сомду түзөт.**