> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/03/salyk-kyzmatynyn-okuldoru-korporativdik-dukhtu-chyndooodo/
- Published: 2026-05-03T03:30:35.000Z
- Updated: 2026-05-03T03:30:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү спартакиада болууда. Бул спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордук аппараттан, “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинен жана башка ведомстволук түзүмдөрдөн келген Салык кызматынын кызматкерлеринин 12 курама командасы катышууда.**

Салтанаттуу ачылыш аземи кече Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн. 

> *Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Нурлан Маманов жана Нурлан Максутов куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул ишчара корпоративдик духту чыңдоодогу, дене тарбияны өнүктүрүүдөгү жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуудагы маанилүүлүгүн белгилешти.*

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, спартакиада 2–3-май күндөрү өткөрүлүп, анда салык кызматынын өкүлдөрү: волейбол, мини-футбол, шахмат, үстөл тенниси, аркан тартыш, тогуз коргоол, бильярд жана жеңил атлетика сыяктуу спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/684774436_1257529783218993_3942339672852120186_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/684823266_1257529559885682_6135286209154218127_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/684276004_1257529693219002_7183784739386929639_n.jpg)