> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында  жүн жана тыбыт экспорттогон ишкана ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/04/narynda-zhun-zhana-tybyt-eksporttogon-ishkana-achyldy/
- Published: 2026-05-04T06:59:40.000Z
- Updated: 2026-05-04T09:18:59.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Нарында койдун жүнүн жана топоздун тыбытын экспорттой турган “Теңир-Тоо Экспорт” деп аталган компания ачылды. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, аталган компания койдун жүнүн, топоздун тыбытын жана башка мал чарбасынан алынган чийки заттарды кабыл алып, экспортко жөнөтүү ишин баштады. Долбоордун ишке ашуусу менен акыркы жылдары пайдаланылбай же баа болбой талаага ташталып калган жүндөрдү кайрадан иштетүүгө жана калктан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.*

Учурда жүн кабыл алуу иштери башталып, баалар сапатына жараша болууда. Маселен, кара жүндүн килосу 15 сомдон жогору, ак жүн 40 сомдон өйдө, ал эми топоздун тыбыты 200 сомдон жогору бааланууда. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана*[YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*