> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо акциясына катышышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/05/deputattar-ysyk-koldun-zheegin-tazaloo-aktsiiasyna-katyshyshty/
- Published: 2026-05-05T09:30:33.000Z
- Updated: 2026-05-05T09:30:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондоруна барып, көл түбүн жана жээгин тазалоо акцияларына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка караганда, алгач Төрага Жогорку Кеңештин жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле жаштар менен бирге Ысык-Көлдүн жээгин тазалашты.*

> *Андан соң суу астына түшүп, көлдүн флорасы жана фаунасы үчүн коркунуч жараткан түбүндөгү таштандыларды алып чыгышты.*

Бүгүнкү акциянын максаты Ысык-Көлдү тазалоо менен экологиялык көйгөйлөрдү алдын алууну көздөй тургандыгын айткан Төрага жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып: “Ысык-Көлдү таза сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз. Өз жерин, өз элин сүйгөн адам мындай кыянатчылыкка барбашы керек”, – деди.