> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 12 гектар айдоо аянтын сел жууп кетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/05/talasta-12-gektar-aidoo-aiantyn-sel-zhuup-ketti/
- Published: 2026-05-05T07:24:48.000Z
- Updated: 2026-05-05T07:24:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Талас районунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, айдоо жерлер жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан кабарлашты.**

Маалыматка ылайык, сел Талас районуна караштуу Арашан айылында, болжол менен 4-майда саат 19:00 чамаларында катталган.

> *Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Арашан айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы кокту-колоттордон сел суулары түшкөн. Натыйжада арыктарга суу батпай, айдоо талааларын каптаган.*

> *Маалыматка караганда, болжол менен 12 гектар аянттагы чөп жана арпа талааларын сел суулары жууп кеткен. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.*

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде тактоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, селдин кесепеттерин жоюу, арыктарды тазалоо жана суунун агымын жөнгө салуу боюнча иштер жүрүүдө.