> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “100 өнөр жай ишканасы - 2026” долбоорунун алкагында объектилер текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/06/100-onor-zhai-ishkanasy-2026-dolboorunun-alkagynda-obektiler-teksherildi/
- Published: 2026-05-06T05:17:26.000Z
- Updated: 2026-05-06T05:17:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында “100 өнөр жай ишканасы - 2026” долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөр жай ишканаларына көчмө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.**

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, шаарды өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Давлетбек Түгөлбаев, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

> *Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү төрт өнөр жай объектиси каралды:“КыргызТрансформатор” ЖЧКсы - күч трансформаторлорун өндүрүү долбоору;*

> *“Биринчи индустриалдык комплекс” ЖЧКсы («Полибетон» ААК) - кошумча кондитердик цехтин курулушу;*

> *“Пром Склад Кей Джи” ЖЧКсы - фармацевтикалык кампа комплексинин курулушу;*

> *Аялдар кийимин тигүүчү фабрика (административдик имараттары менен) –“Сулайманова” ЖК.*

Иш сапардын алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун учурдагы этаптары каралып, ошондой эле каржылоо, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча көйгөйлүү маселелер белгиленди.