> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/08/ysyk-koldon-1700-metr-balyk-uuloochu-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-05-08T11:57:14.000Z
- Updated: 2026-05-08T11:57:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.