> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/09/bishkekte-zhenishtin-81-zhyldygyna-arnalgan-miting-rekviem-otuudo/
- Published: 2026-05-09T04:55:05.000Z
- Updated: 2026-05-09T04:55:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө.**

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды.

> Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май — Жеңиш күнү менен куттуктады.