> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/09/okm-10-12-mai-kundoru-sel-zhuruu-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-05-09T05:11:50.000Z
- Updated: 2026-05-09T05:11:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.**

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

> Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгине эс алууга барбоо сунушталат.

Ошондой эле жаан-чачын учурунда тоо жолдорунда жүрүүдөн убактылуу кармануу зарыл экени белгиленди.