> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/10/sadyr-zhaparov-bishkektegi-zhany-avtovokzaldyn-kurulushu-menen-taanyshty/
- Published: 2026-05-10T13:51:27.000Z
- Updated: 2026-05-10T13:51:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт**

Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар каралган.

Мындан тышкары, жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар да курулат.

> Президент объектти кыдырып чыгып, курулуш иштеринин жана колдонулуп жаткан материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Маалыматка ылайык, жаңы автовокзал комплексинин курулушу үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктайт деп күтүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/7.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/6-1.jpg)