> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/almatynyn-delegatsiiasy-bishkektegi-tashtandyny-kaira-ishtetuuchu-zavod-menen-taanyshty/
- Published: 2026-05-11T06:31:18.000Z
- Updated: 2026-05-11T06:31:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**9-майда Кыргызстанга болгон иш сапардын алкагында Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды.**

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, делегациянын курамында Алматы шаарынын Ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын, Экология жана айлана-чөйрө башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле инвестициялык жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү болду.

> Завод аймагындагы экскурсияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев өткөрдү. Анда коноктор ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана энергиялык пайдалануу боюнча колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен таанышты.

Мындан тышкары, завод өкүлдөрү экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана калдыктарды башкаруу боюнча ишке ашырылып жаткан чечимдер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда тараптар шаар экологиясын жакшыртуу, заманбап экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-1.jpeg)