> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/bishkektegi-turak-uilordun-99-ysyk-suu-menen-kamsyz-boldu/
- Published: 2026-05-11T10:22:24.000Z
- Updated: 2026-05-11T11:13:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 11-майына карата борбор калаадагы ысык суу берүү иштери боюнча маалымат берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, жылуулук тармактарындагы оңдоо иштеринен кийин адистер турак үйлөргө ысык сууну этап-этабы менен кошууну улантууда.

> Учурда ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду. Калган абоненттерди кошуу жана айрым үйлөрдө ысык суунун жок болуу себептерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Белгиленгендей, Шопоков көчөсү 99/1 жана Жибек Жолу проспектиси 517 даректериндеги жылуулук пункттарына кирүү мүмкүн болбой жаткандыктан, бул үйлөргө ысык суу убактылуу бериле элек.

> Ошондой эле ысык суу берилгенден кийин гидравликалык режимди жана циркуляцияны жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу айрым үйлөрдө ысык суу кечигип келиши мүмкүн.

Ишкана тургундарды суу жылыткычтарын өчүрүп, борборлоштурулган ысык суу системасын колдонууга өтүүгө чакырды.