> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/el-umutu-prezidenttik-stipendiiasynyn-rasmii-portaly-ishke-kirdi/
- Published: 2026-05-11T06:17:10.000Z
- Updated: 2026-05-11T06:17:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүндөн тартып "Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка караганда, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат.

> Документтерди кабыл алуу программанын расмий [порталы](https://umut.edu.gov.kg/index.kg.html) аркылуу жүргүзүлөт. Арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү, тандоо этаптары жана талапкерлерге коюлган талаптар боюнча бардык маалыматтар платформада жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, "Эл үмүтү" президенттик стипендиясы Кыргызстандын таланттуу жана келечектүү жаштарын колдоого, сапаттуу билим алууга шарт түзүүгө жана жаш жарандардын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.