> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/kyrgyzstanda-evro-5-kuiuuchu-maiy-ondurulo-bashtait/
- Published: 2026-05-11T10:08:17.000Z
- Updated: 2026-05-11T10:08:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана Иранга каршы согуш аракеттеринен кийин газ менен күйүүчү майдын баасы кескин өсүп, бул Кыргызстандагы бааларга дагы таасирин тийгизүүдө.** **Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.**

Анын айтымында, согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы орточо 650 доллардан ташылып келсе, учурда баасы 950 долларга жеткен. Ал эми дизель отуну мурда 700 доллардын айланасында болсо, азыр 1200 доллардан ашкан.

Дайырбек Орунбеков айрым жарандардын “эмне үчүн Казакстанда күйүүчү май арзан?” деген суроосуна дагы жооп берип, коңшу өлкөдө ири нефть ресурстары бар экенин жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидияланарын белгилеген.

> Ошондой эле ал Кыргызстанда электр энергиясы дагы мамлекет тарабынан субсидияланып жатканын мисал келтирди. Анын маалыматына ылайык, электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, элге 1 сом 64 тыйындан берилүүдө.

Мындан тышкары, өлкөдө нефтини өндүрүү жана кайра иштетүү багытында иштер жүрүп жатканы айтылды. Учурда “Кыргызнефтегаз” жана “Джунда” нефть кайра иштетүүчү заводдорунда модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңылоо аяктагандан кийин евростандартка жооп берген күйүүчү май өндүрүлөрү белгиленди.