> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/kyzyl-kyiadagy-eldik-zholugushuuda-50don-ashyk-masele-kotoruldu/
- Published: 2026-05-11T09:42:06.000Z
- Updated: 2026-05-11T09:42:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 11-майда Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.** 

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга 300гө жакын тургун катышып, 50дөн ашуун суроо-талап жана кайрылуулар айтылды.

Жарандар негизинен турак жай үчүн жер тилкеси, таза суу, мунапыс маселеси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы, каттоого туруу, жаңы жумуш орундарын түзүү, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү жана жеке укуктук маселелер боюнча суроолорун беришти.

> Көтөрүлгөн айрым маселелер жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ал эми кошумча убакыт талап кылган кайрылуулар көзөмөлгө алынды.

Жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, жарандардын суроолоруна жооп беришти.

> Маалыматка ылайык, мындай жолугушуулар графиктин негизинде Баткен облусунун бардык район-шаарларында улантылат.

Жолугушуу УТРК Баткен телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-1.webp)