> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/marat-tagaev-turksoidogu-kyrgyzstandyn-okulu-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-05-11T07:16:12.000Z
- Updated: 2026-05-11T07:16:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.** 

Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

> Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.

Тагаев буга чейин маданият министринин орун басарлыгын аркалап келген.