> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндөгү мал базарда мониторинг: миңден ашык мал текшерүүдөн өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/ozgondogu-mal-bazarda-monitoring-minden-ashyk-mal-teksheruudon-ottu/
- Published: 2026-05-11T03:39:30.000Z
- Updated: 2026-05-11T03:39:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан "Прогресс" мал базарында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, учурда аталган мал базарына күн сайын орто эсеп менен 520га жакын бодо мал, 320 жылкы жана 900гө чукул кой-эчки алып келинет.

> Мониторингдин жүрүшүндө базарга жеткирилген мал жандыктарынын болжол менен 70%ы кулак биркалары менен камсыздалганы аныкталды.

Ошондой эле, мал жандыктарын коштоочу ветеринардык документтер текшерилип, төмөнкү көрсөткүчтөр белгилүү болду:

- Форма №1 (Ф1) коштоочу документи менен келген малдар — 40%;
- Электрондук форматтагы ветеринардык коштоочу документтер менен келгендер — 10%.

Адистердин айтымында, "Прогресс" мал базарына мал жандыктары негизинен Ош облусунун Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунан, ошондой эле Жалал-Абад жана Талас облустарынан жеткирилет.

Мониторингдин негизги максаты — мал жандыктарынын ветеринардык коопсуздугун камсыз кылуу, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана ветеринардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат.