> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски балык уулоочу торлор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/11/ysyk-koldon-600-metrge-zhetken-eski-balyk-uuloochu-torlor-chygaryldy/
- Published: 2026-05-11T04:36:26.000Z
- Updated: 2026-05-11T04:36:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдөн узундугу 600 метрге жеткен эски балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, 10-май күнү көлдү тазалоо иштеринин алкагында суучулдар Түп районунун Күрмөнтү айылынын тушунан эски торлорду алып чыгышкан.

> Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көл акыркы төрт жылдан бери таштандыдан жана балык уулоочу торлордон тазаланып келет.

Адистердин айтымында, мындай иштер көлдүн экологиясын сактоого жана суу алдындагы жаратылышты коргоого багытталган.