> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэринин Свердлов районундагы жолугушуусу 6 саатка созулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/bishkek-merinin-sverdlov-raionundagy-zholugushuusu-6-saatka-sozuldu/
- Published: 2026-05-12T05:28:17.000Z
- Updated: 2026-05-12T05:28:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Кыргыз-Орус Славян университетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Свердлов районунун тургундары менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу 6 сааттан ашык убакытка созулду.**

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар мэри жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер боюнча протокол жүргүзүлүп, анын негизинде иш-чаралар планы даярдаларын билдирди. Анда аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу адамдар жана каржылоо булактары аныкталат.

Жолугушууга райондун 400гө жакын тургуну катышты. Анда турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, балдар аянтчаларын куруу, башкы план, жер мунапысы жана башка маселелер көтөрүлдү.

> Айбек Джунушалиев жеринде эле орун басарларына жана тиешелүү кызматтарга маселелерди сапаттуу чечүү жана ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун тургундары менен дагы бир жолугушуу 12-май күнү саат 16:00дө Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде өтөт. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-5.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/6-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/7-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/8-1.jpeg)