> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/bishkek-merinin-turgundar-menen-zholugushuu-grafigi-ozgordu/
- Published: 2026-05-12T08:22:14.000Z
- Updated: 2026-05-12T08:22:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**11-майдан тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Президенттин тапшырмасынын алкагында уюштурулуп, шаардын бардык райондорунда өтөт. Анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары талкууланат.

> Свердлов районундагы жолугушуулар 11-12-май күндөрү өтөт. Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуу 13-14-майга белгиленген. Ленин районундагы жолугушуулар 15-16-май күндөрү уюштурулса, Октябрь районунун жашоочулары мэр менен 20-21-май күндөрү жолуга алышат.

Жолугушуулар күн сайын саат 16:00дө башталат.

Мэрия белгилегендей, иш-чаралар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө жана актуалдуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө багытталган.