> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүү өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/bishkekte-zhurok-kan-tamyr-oorulary-boiuncha-akysyz-teksheruu-otot/
- Published: 2026-05-12T11:37:35.000Z
- Updated: 2026-05-12T11:37:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкекте жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууга арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга арналган иш-чаралардын алкагында, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Саламат жүрөк - чекаптан өт» маалыматтык-алдын алуу акциясын өткөрүп жатат.

Акциянын максаты - жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү - бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.

> *Акциянын алкагында соода борборлоруна жана базарларга келген адамдар төмөнкүлөрдү камтыган медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алышат:*

> *артериялык басымды өлчөө;*

> *дене салмагынын индексин аныктоо;*

> *кандагы кант жана холестериндин деңгээлин өлчөө;*

> *кардиолог-дарыгердин кеңеши.*

Иш-чаралар УКТБ адистеринин жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жана А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК) ыктыярчыларынын катышуусунда өткөрүлмөкчү.