> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдөгү эски оорукана имараты авариялык абалда экени аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/chuidogu-eski-oorukana-imaraty-avariialyk-abalda-ekeni-anyktaldy/
- Published: 2026-05-12T04:44:35.000Z
- Updated: 2026-05-12T04:44:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Чүй облусунун Чүй районундагы Сансызбаев көчөсү 105 дарегинде жайгашкан Жалпы дарыгердик практика борборунун имаратына инженердик текшерүү жүргүздү.**

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү 1998-жылдан бери пайдаланылбай турган имараттын техникалык абалын жана сейсмикалык туруштуулугун аныктоо максатында уюштурулган.

Адистер объекттин техникалык документтерин изилдеп чыгып, тиешелүү өлчөөлөрдү жана визуалдык талдоо иштерин жүргүзүштү.

> Жыйынтыгында институт тарабынан даярдалган корутундуга ылайык, имараттын бетон плиталары менен дубалдары жараксыз абалда экени аныкталды. Мындан тышкары, пайдубалдын чөгүүсү байкалган.

Ошондой эле имараттын сейсмикалык жана техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп бааланды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.24.22.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.24.38.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.24.43.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.24.35.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.24.26.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-12----10.27.16.png)