> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 7000ден ашуун орундуу 9 студенттик жатакана курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/kyrgyzstanda-7000den-ashuun-orunduu-9-studenttik-zhatakana-kurulat/
- Published: 2026-05-12T13:15:39.000Z
- Updated: 2026-05-12T13:15:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жыйындын жүрүшүндө илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын тааныштырды. Ага ылайык, программа боюнча 8000 квота каралып, өлкөнүн 5 облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 7000ден ашуун орунга ылайыкталган 9 жатакана куруу пландалууда.

> Маалыматка ылайык, жатаканаларды куруу боюнча даярдык иштери жүргүзүлүп, жер тилкелери аныкталып, инженердик изилдөөлөр жана архитектуралык чечимдер иштелип чыккан.

Кеңешмеде ошондой эле жогорку окуу жайларга кеңейтилген автономия берүү жана билим берүү кредиттерин киргизүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.