> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/kyrgyzstanda-kanaldardy-bekemdoo-uchun-zhany-tekhnologiia-koldonulushu-mumkun/
- Published: 2026-05-12T11:22:24.000Z
- Updated: 2026-05-12T11:22:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөө үчүн пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясын тааныштырды.

> Маалыматка ылайык, бул технология суу жоготууларын азайтып, инфраструктуралык объектилердин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыйынтыгында тараптар заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-12-at-17.11.39.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-12-at-17.11.40-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-12-at-17.11.40.jpeg)