> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жазгы-талаа иштеринин 48,7%ы аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/kyrgyzstanda-zhazgy-talaa-ishterinin-48-7-y-atkaryldy/
- Published: 2026-05-12T04:16:55.000Z
- Updated: 2026-05-12T04:16:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Быйыл республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Анын 818,6 миң гектары сугат, 432 миң гектары кайрак жерлерге туура келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Учурда республика боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, пландын 48,7% аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.

> Чүй облусунда 204,7 миң гектар жер айдалып, план 45,3% аткарылды. Баткен облусунда көрсөткүч 96,4% жетсе, Ош облусунда 55,3%, Жалал-Абад облусунда 34,8% болду.

Жаздык дан өсүмдүктөрү 408,6 миң гектарга себилип, план 78,7% аткарылды. Анын ичинде буудай 90,7%, арпа 87,4% камсыздалды.

> Жүгөрү 92 миң гектарга себилип, план 82,7% аткарылды. Картошка 48,7 миң гектарга отургузулуп, көрсөткүч 73,2% түздү.

Пахта себүү Жалал-Абад облусунда толук аяктап, 3 миң гектар жерге себилди. Кант кызылчасы 10,9 миң гектарга себилип, план 74,9% аткарылды.

Жалпысынан жазгы-талаа иштери бардык аймактарда графикке ылайык уланууда.