> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/12/oshto-barpy-alykulov-mektebine-1200-orunduu-zhany-korpus-kuruluuda/
- Published: 2026-05-12T12:08:00.000Z
- Updated: 2026-05-12T12:07:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган.

> Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, 4 кабаттуу 5 блоктон турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле спорт зал каралган.

Учурда курулуш иштери эки нөөмөттө жүргүзүлүп, объектте 87 жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, учурдагы мектеп 1987-жылы курулган. Азыркы тапта анда 2000ге жакын окуучу билим алат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-3.jpeg)