> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев көчөсү жарым-жартылай жабылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/13/bishkektegi-zh-bokonbaev-kochosu-zharym-zhartylai-zhabylat/
- Published: 2026-05-13T09:56:31.000Z
- Updated: 2026-05-13T09:56:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 12-майдан тарта Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө, Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканага чейин жылуулук түтүктөрүн алмаштырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

> *Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштери жүрө турган тилкенин жалпы узундугу 321 метрди түзөт. Бул түтүктөр 1986-жылы колдонууга берилген.*

Иш алып баруу учурунда Бөкөнбаев көчөсү аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет. Автоунаалардын өтүүсү үчүн бир тилке ачык калтырылат.