> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/13/kuiuuchu-maiga-bolgon-salykty-azaituu-sunushtaldy/
- Published: 2026-05-13T09:19:32.000Z
- Updated: 2026-05-13T09:19:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасын кымбаттатпай кармоо үчүн салыктарды убактылуу азайтуу сунушталды. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыкты.**

Маалыматка таянсак, 15-майдан 30-сентябрга чейин Аи-92 бензинине кошумча нарк салыгын 8% чейин түшүрүү сунушталууда. Ал эми дизелдик күйүүчү майга аны таптакыр эле жоюп салуу каралууда.

> *Мындан тышкары, бензинге болгон акциз салыгын да азайтуу сунушталды. Азыр Аи-92 бензининин ар бир тоннасына 5 миң сом акциз төлөнсө, аны 3 миң сомго чейин түшүрүү каралып жатат. Дизелдик күйүүчү майдын акциз салыгын болсо төрт айга толугу менен алып салуу сунушталууда.*

> *Өкмөт бул чаралар менен күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап, өлкөдө бензин менен дизелдин тартыштыгына жол бербөөгө аракет жасоодо.* 

Ошондой эле өкмөт айрым мунай жана мунай продуктуларын Кыргызстанга автоунаа менен ташып келүүгө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салууга барганы жатат.