> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын сүт азыктарынын экспорттук көлөмү көбөйдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/13/kyrgyzstandyn-sut-azyktarynyn-eksporttuk-kolomu-koboidu/
- Published: 2026-05-13T03:56:14.000Z
- Updated: 2026-05-13T03:56:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 11 799 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба мнистрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.**

Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага көп. Өсүш болжол менен 16,7% болду. Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасир этти. 

> *Тактап айтканда:*

> *кычкыл сүт азыктарынын (курут, кымыз жана башкалар) экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өстү;*

> *сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага жетти;*

> *майсыз кургатылган эчки сүтү - 17,6 тонна;*

> *сүт коктейли - 2,2 тонна;*

> *каймак - 1,6 тонна болду.*

> *Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайган. Тактап айтканда:*

> *сары майдын, кургак сүттүн сырдын, балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу азайды.*

Жалпысынан сүт тармагында экспорттун оң динамикасы сакталууда. Экспорттук ассортименттин кеңейиши жана жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокторго чыгышы тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.