> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/13/oshto-minden-ashyk-okuuchuga-ylaiyktalgan-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-05-13T09:34:47.000Z
- Updated: 2026-05-13T09:34:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ош шаарынын Сары-Зоо тилкесинде жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат. Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар жана курулуш нормалары так сакталууда. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү көзөмөлдөн өткөрүлөт.

> *Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70 куруучу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашык окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.*

Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы мектеп тартыштыгын жоюп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.