> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында эс алуучуларга шарт түзүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/13/tomonku-ala-archa-suu-saktagychynda-es-aluuchularga-shart-tuzulot/
- Published: 2026-05-13T06:29:36.000Z
- Updated: 2026-05-13T06:29:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.**

Орунбековдун маалыматына караганда, буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. 

> *“Президент Садыр Нургожоевич өзү келип көрүп, тийешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди”, - дейт маалымат катчы.* 

> *“Алдыңкы жылдары эң алдынкы туристтик жайга айланат. Афрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор курулат”, деп кошумчалды Орунбеков.*

Эске салсак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган. Чүйдөгү айыл чарба талааларын сугарууга мааниси зор болуп саналат.