> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алайда 77 млн сомго курулган жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/14/alaida-77-mln-somgo-kurulgan-zhany-mekteptin-kurulushu-aiaktoo-aldynda/
- Published: 2026-05-14T12:35:42.000Z
- Updated: 2026-05-14T12:35:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Алай районундагы Таш-Кыя айылында жайгашкан К.Тайчабаров атындагы жаңы мектептин курулуш иштери соңку баскычка жетти. Учурда объектте ички жасалгалоо, сырдоо иштери жүргүзүлүп, мектептин айланасына брусчатка төшөлүүдө.**

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы сметалык баасы 77 миллион сомду түздү.

> Жаңы билим берүү мекемеси 150 окуучуга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс жана жыйындар залы каралган. Окуу жылы башталганда окуучулар жаңы мектепте билим ала баштайт.

Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп, объект Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө курулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.18.56.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.19.00.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.19.03.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.19.07.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.19.11.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-14----18.21.27.png)