> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында 100 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/14/narynda-100-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-05-14T11:06:42.000Z
- Updated: 2026-05-14T11:06:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Курулуш министрлиги тарабынан Нарын шаарына 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка караганда, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 108 миллион сомду түзөт.

> *Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имарат салынат. Курулуш иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп, учурда биринчи кабаты тургузулду.*

Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын май айында башталып, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!