> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/14/oshtogu-ak-buura-zhany-konushunda-800-orunduu-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-05-14T06:56:14.000Z
- Updated: 2026-05-14T06:56:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушунда 800 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

> Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 8 миң 339 чарчы метрди түзөт. Имарат беш блоктон туруп, үч кабат болуп курулат.

Министрликтин маалыматына караганда, курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.