> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 78% жазгы-талаа иштери бүткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/14/talasta-78-zhazgy-talaa-ishteri-butkoruldu/
- Published: 2026-05-14T10:11:23.000Z
- Updated: 2026-05-14T10:11:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**14-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинде азык-түлүк коопсуздугунун абалы жана айдап-себүү иштери боюнча жыйналыш өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка караганда, бул ирет Талас облусундагы азык-түлүк менен камсыздоонун жана жазгы-талаа иштеринин жүрүшү талкууланды. Облус боюнча жазгы-талаа иштерине даярдык бекитилген планга ылайык уюштурулууда. Учурда негизги агротехникалык иштер активдүү жүрүп жатканы белгиленди. 

> *Облустун жалпы айдоо аянты 109,2 миң гектарды түзөт. 14-майга карата себүү иштери 78,1%ы (65,3 миң га) аткарылды.*

> *Дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү, картошка-жашылча, техникалык өсүмдүктөр жана чанактуу өсүмдүктөр боюнча иш-чаралар планга ылайык жүрүүдө. Күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыздоо улантылууда. Дыйкандар дизель отунун жеңилдетилген баада алууда. Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү да этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.*

Ошол эле учурда аймакта бир катар көйгөйлөр белгиленди: сугат суусунун жетишсиздиги, жер семирткичтердин кымбаттыгы, финансы тартыштыгы жана зыянкечтер менен ар түрдүү илдеттердин жайылуу коркунучу. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы-талаа иштери кызуу улантылууда. Жалпы 609,1 миң гектар жер айдалып, белгиленген пландын 48,7 пайызы аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.