> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Udacity платформасында кыргызстандыктар үчүн акысыз IT-курстар старт алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/14/udacity-platformasynda-kyrgyzstandyktar-uchun-akysyz-it-kurstar-start-aldy/
- Published: 2026-05-14T12:14:47.000Z
- Updated: 2026-05-14T12:14:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда жарандар үчүн Американын алдыңкы Udacity платформасынын окуу материалдарына жол ачкан "Kyrgyzstan Codes" билим берүү программасына кабыл алуу уланууда.** 

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты — каалоочуларга заманбап санариптик көндүмдөрдү үйрөтүп, дүйнөлүк эмгек рыногунда аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү.

> Окутуу Nanodegree форматында жүргүзүлөт. Программалар Google, Amazon жана NVIDIA сыяктуу ири технологиялык компаниялар менен биргеликте иштелип чыккан. Катышуучулар теориядан тышкары реалдуу практикалык долбоорлордун үстүндө иштешет.

Программага катышуу толугу менен акысыз. Курсту ийгиликтүү аяктаган жарандарга сертификат берилет.

Катышуучулар төмөнкү төрт багыттын бирин тандай алышат:

- веб-иштеп чыгуунун негиздери;
- Android тиркемелерин иштеп чыгуу;
- маалыматтар аналитикасы;
- жасалма интеллект жана ChatGPT менен иштөө.

Маалыматка ылайык, программа 2028-жылдын январь айына чейин жеткиликтүү болот. Ар бир багытты окууга 8 жума убакыт каралган.

> Катталуу үчүн жарандар [kgcodes.kg](https://kgcodes.kg) порталы аркылуу Udacity платформасына өтүп, керектүү багытты тандашы керек.