> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аламүдүндө Р-7 каналынын 1,5 чакырымы бетон менен капталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/alamudundo-r-7-kanalynyn-1-5-chakyrymy-beton-menen-kaptaldy/
- Published: 2026-05-15T07:49:53.000Z
- Updated: 2026-05-15T07:49:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотно төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, каналдын 1,5 чакырым аралыгына бетон полотно төшөлүп, жалпы аянты 13 675 чарчы метрди түздү.

Натыйжада учурда канал аркылуу 2 700 гектар айыл чарба жерин сугат суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

> Министрликтин маалыматына караганда, аткарылган иштер сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатып, суу жоготууларын азайтууга жана дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого шарт түзөт.

Ошондой эле Р-7 каналынын кошумча 0,8 чакырым тилкесине дагы бетон полотно төшөө иштери пландалууда. Жалпы аянты 7 220 чарчы метрди түзгөн бул иштерди 2026-жылдын IV кварталында бүтүрүү каралган.